Бишкек-Нарын жолунда күйгөн унаа: Кырсыктан жалпы 3 адам жаракат алды


Чүй облусунун Кемин районунда 9-декабрда айдоочу рулга ээ боло албай тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаадан өрт чыгып, 1986-жылы туулган Ө.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкан.
Кийинчерээк маалым болгондой, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан. Кырсыктан 1986-жылы туулган Ө.Т. (аял киши) жана 1946-жылы туулган М.К., 1985-жылы туулган М.М. аттуу кишилер жаракат алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталып жатат дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан