Бишкекте ишкананын юристи алдамчылыкка шектелип 2 айга камакка алынды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип ишкананын юристи колго түшүрүлдү. Бул туурасында Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 8-сентябрында шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда бир ишкананын юристи У.С. 25-августта Кулатов көчөсүндөгү кеңседен арыздануучунун ишенимине кирип, телефондорду алып берүүнү убадалап 11 миң 750 доллар каражатын алган. Андан кийин убадасын аткарбай, жашынып жүргөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Комплекстүү издөө иштеринин алкагында, шектүү катары 1992-жылы туулган У.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнү 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Мындан тышкары кармалган жарандын мындан башка фактыларга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан