УКМК өспүрүмдөр синтетикалык баңгизат тараткан каналдын бетин ачты

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

"Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн. Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашынма жерлерди колдонуусуна карабастан, кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бети ачылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.

Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын баштоо демилгеленет.

УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан