Чүй облусунун Аламүдүн айылында 25 жаштагы жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу табылды. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан бүгүн, 10-декабрда маалымдашты.
Окуя ушул жылдын, 31-октябрында таңкы саат 05:30 чамасында орун алган. Анда Чекиш-Ата базарынын жанында айдоочу жөө адамды сүзүп, жардам көрсөтпөй качып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жабырлануучу ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынан улам 22-ноябрда каза болгон.
"Бул факты боюнча инспекторлор 1-ноябрдан 9-декабрга чейин издөө иш-чараларын жүргүзүп, айдоочуну аныкташты. Ал 1986-жылы туулган М.Р. аттуу Токмок шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Ал эми айдоочунун унаасы Бишкектеги малярдык станциялардын биринен табылды. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.