Сокулуктагы кыздын зордукталышы: "Ый аралаш ыза". Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан кантип көчүп кетти? (видео)

Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткенин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирген. Көп өтпөй эле порталыбызга шектүүнүн жакын тууганы үй-бүлө Бишкекке көчүп келгендигин айткан.

Ал ортодо зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланды. Анда шектүүнүн үй-бүлөсү үйдөн көчүп жаткандыгы, милиция кызматкерлери үйдү кайтарып турганы тартылган.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сокулукта кыз зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
raikakyz
2021-12-10 10:37:43
Эмнеге педофилдерге жаза берилбей жатат? 2 өөнү бычып салса тыйылмак мындай кордуктар.
+2
Aza2100
2021-12-10 11:13:43
Дүйнөдөгү башка мамлекеттер да таң калышкандыр. Кыргыздар көчүрүп ийет турбайбы деп
+1
VENOM
2021-12-10 11:29:59
5 секундтук кайф үчүн жакындары азап чегип жатат
+13
Bak.taalai
2021-12-10 13:13:42
Байкуш аялдарга апаларына боорун ооруйт чын эле аларда эмне куноо
+9
bazar
2021-12-10 13:24:10
Негизи туру кылат. Ошон үчүн баланы жакшы тарбиялаш керек
-2
Turdueva
2021-12-10 16:07:32
Аллахым ар Бир пендеге нысап берсин
0
fanatka19
2021-12-10 17:15:52
Туура эле сабак болсун,мурун да кыз зордуктабаса анда билбестик кылды,жанылды десек болот.Бул 2чи жолу болуп атат.Кыз байкуштун тагдыры талкаланды аны ким алат эми? Омур бою кыйналып журуп отот.
+4
Nina.alex
2021-12-10 17:31:00
Корот элем силердин кызынарды килейген эле бироо зордуктаса оозунарды чоюп суйлогонунорду
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан