Орусия Кыргыз жергесиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам иретинде ун берет. Бул туурасында Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Орус элчилиги ундарды тапшырат. Бул азык муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылат.
Коңшу өлкө гуманитардык жардам көрсөтүү долбоору үчүн Бириккен улуттар уюмунун программасына 9 миллион доллар каражат салган.