Биз социалдык тармакта

Эмгек сиңирген артист Шайыр Касымалиеванын апасы дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиеванын апасы Гүлнара Суранчиева дүйнө салды. Бул туурасында актрисанын өзү тарабынан белгилүү болду.

Ал кечээ, 9-декабрда 73 жашына көз жумду. маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 10-декабрда болду.

Гүлнара Суранчиева Нарын театрында бийлеп, бутун кокустатып алгандан кийин актёр-актрисаларды миң түстүү кейипте көрсөткөн гримдөөчү болуп Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында грим бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Гүлнара Суранчиеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан