"Жабыркагандар бар". Бишкекте эртең менен үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда маалыматты тактады.

"Болжол менен саат 09:10 чамасында Аалы Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен Лексус, БМВ жана Тойота Эстима үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктан жабыркагандар бар. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Бишкекте эртең менен жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2021-12-10 20:09:48
Эркекче!Эркекчеңерге супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан