Өлкөдө адабият жумалыгы старт алды

Өлкөдө адабият жумалыгы башталды. Иш-чара 15-декабрга чейин уланарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.

Маалыматка караганда, адабият жумалыгы республиканын улуттук, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларында өткөрүлөт.

Бул иш-чаранын максаты – кыргыздын улуттук адабиятын өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча коомдун көңүл буруусун, балдарды жана жаштарды китепке болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.

12-декабрь - Кыргыз улуттук адабият күнү. 2011-жылы 28-январда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү тууралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгилене турган болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан