Нарында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

"Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы жана Нарын ОИИБинин кызматкерлери тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмга таандык фотоматериалдарды тараткан Т.у.Б. аттуу жаран кармалган.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган Samsung J2 телефону жана сим-картасы табылган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alimbek94
2021-12-10 12:01:06
Ар бир диний догма баардык агрессия, чыр чатактардын пайдубалын түзөт. Жаштарды диний популизм менен мээсин сугарып, ойдон чыгарылган диний догмаларга азгырылбагыла.
-3
Monsterbek
2021-12-10 14:13:12
Чачтарын жайып сулуу болуп журуш керек деп кой
0
mirlanpiter
2021-12-11 01:06:15
Ислам дининде бир нече агымдар бар, ошондой туура эмес агымга кирип калган мекендештер кайра чыга албай кыйналып калган учурлар болуп жатат, Ыраматылык Чубак ажы Жалилов айткандай көч бара-бара түзөлөт, бирок жаштарга балдарыбызга салттуу исламды туура түшүндүрүп айтып беришибиз керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан