"Ата-энеси өз алдынча дарылаган". Бишкектеги балдар ооруканасында жети жаштагы бала каза болду

Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында жети жашар бала каза болуп калды. Баланы ата-энеси дарыгерлердин көзөмөлүсүз өз алдынча дарылаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановго байланышканыбызда белгилүү болду.

"Биз баланын өмүрүн сактап калууга бардык аракетибизди жумшап, келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык. Бирок ден соолугу начарлап 5-декабрда каза болду. Баланы эки аптадай ата-энеси өз алдынча дарылашкан, дарыгерлер менен кеңешкен эмес", - деди башкы дарыгер.

Дарыгер бул боюнча укук коргоо органдарына айтылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан