Түрмөдө Садыр Жапаровдон жардам сураган жаран киши колдуу болуп каза болгону айтылды. Мекеме эмне дейт?

Бүгүн, 10-декабрда Молдовановкадагы №1 мекемеде жазасын өтөп жаткан адам каза болгондугу тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

"Молдовановкадагы №1 мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан айыпталуучу киши колдуу болуп каза болду. Ал буга чейин абакта отуруп видео кайрылуу менен өлкө башчы Садыр Жапаровдон жардам сураган", - деди ал.

Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына байланышканыбызда, төмөндөгүдөй маалымат билдиришти.

"Бул жаран каза болгон жок. Сабалган да эмес. Бирок телефон колдонгону үчүн жазаланат. Ал эми каза болду делген жаран башка. Ал 1975-жылы туулган. Дааратканадан жүрөк оорусу кармап каза болду. Буга чейин жүрөгү ооручу экен", - дешти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-12-10 13:32:03
1 меке
+1
KG-312
2021-12-10 16:46:21
Даартаканда жан бериштен Кудай сактасын!!!
+9
KaGaH
2021-12-10 19:35:45
Болушу деле мүмкүн!ал понятие боюнча не прав,палево кылды общакты,видеосвязь менен чыгып
+3
aika2013
2021-12-12 15:57:46
Милицияларга ишениш керек эмес болуп калды, турмо Канада эмне болуп атканы бизге маалым эмес да, башчылар айтып кое берет биз кылбадык деп! Балдарынардан коргуло!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан