Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө үч унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгынан BMW унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда милициянын кайгуул кызматы кырсык катталган жерде иш алып барууда.
Буга чейин Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталгандыгы кабарланган.