"Сальсабиль" кыздар мектеби: "Татыктуу билим - жаркын келечек!"

Мектеп – сиздин балаңыздын билим фундаменти болуп саналат. Фундаменттин бекем болуусу маанилүү. Ар бир ата-эне өзүнүн баласына жагымдуу чөйрөдө, сапаттуу жана терең билим алуусун каалайт. "Сальсабиль" кыздар үчүн менчик светтик башталгыч жана орто билим берүүчү мекеме (мектеп).

"Сальсабиль" мектебинде (0-11 класска чейин) ар бир кабинет талапка ылайык толук жабдылган. Спорттук зал, компьютердик класс жана ашкана бар. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген программанын негизинде окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Мектепте аялдардан түзүлгөн билим берүүчү жамаат, окуучуларга терең билим берүүнүн үстүндө эмгектенишет. Жамааттын компетенттүүлүгү жана жогорку профессионализми окуучуларга сапаттуу орто билим берүүсүнө кепилдик берет.

Атайын изилдөө программасынын негизинде англис тили менен араб тили тереңдетилип окутулат. Үч маал "туура" тамактануу каралган. Кошумча ар кандай чыгармачылык жана спорттук ийримдер, кыздар үчүн үй тапшырмаларын мугалимдин көзөмөлүндө аткаруусу каралган.

Сиздердин ыңгайлуулугуңар үчүн кыздарды жеткирүү (жеке автобус) каралган.
Башталгыч мектептин базасында, психологдун көзөмөлүндө, мектепке чейинки даярдоо тайпасы дагы бар.

Байланыш үчүн телефон: 0701483117.

Татыктуу билим - жаркын келечек!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан