Айсулуу Тыныбекова эртең Баткен облусуна барат

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Тыныбекова президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат.

"Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dftyhbv
2021-12-10 15:50:19
Кош кел биздин Баткенге биз жакада келип кет МИН ОРУК АЙЫЛЫНАНБЫЗ БИЗДЕДА ЧЫГААН БАЛБАН КЫЗДАР БАР АКСАЙ АЙЫЛЫНЫН ЖОЛУНДАБЫЗ КИРЕ КЕТСЕН ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ МЕНИН КЫЗЫМ СЕНИ КУМИР ТУТАТ ОЗУДА БАЛБАН БОЛГУДАЙ КУТООМ
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан