Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттик иликтөөгө байланыштуу коронавируска каршы эмдөө сертификатын берүү боюнча коомиссия түзүп кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын негизинде бир катар кызматкерлер иштен алынды. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жасалма документ берүү фактысы боюнча №2, №8, №10, №11, №19-20 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери жана бир медайым иштен алынды.
Ошондой эле Ленин райондук медицина борборунун бөлүм башчысы өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти.
Тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинде сертификаттарды сатууну иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.