Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова 68 жашка чыкса, анын кызы ырчы Сайкал Садыбакасова 29 жашка толду.
"Кыз бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова учурда иш үстүндө отурганын, ал эми кечинде бир туугандары менен чогуу болорун айтат. "Бир аз мурда эле шакирт кыздарым Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова, Асел Касымова келип, куттуктап кетишти. Кечинде үйдө бир туугандарым менен болом. Ал эми Сайкал болсо Бишкекте. Эртең Жаңы жылдык съёмкаларга тартылат, ошого байланыштуу Ошко келе алган жок", - дейт ал.
Гүлшайыр Садыбакасова кызын аралыктан куттуктап, жакшы тилектерин айтып, жолборс жылында күйөө балалуу болсом дейт.
"Кызым Сайкал экөөбүздүн туулган күнүбүз. Жалгызым, асылым, арка-бел жөлөгүм, өксүтпөс өбөгүм, эркетайым, ишенчээгим, көңүлчөөгүм, ыйлаагым, мээримдүүм, боорукерим, алтын кызым Сакулям, туулган күнүң менен чын жүрөгүмдөн куттуктайымын! Узак өмүрдү аркалап, бекем ден соолукту ээрчитип, зор бакытты жетелеп, эки дүйнө бактылуу жашаганды Аллахым сага насип этсин! Ырыс-кешиктүү, ооматтуу, дөөлөттүү жашоо буюрсун! Максат, тилектериң орундалсын! Өз бактыңды таап, келе жаткан жолборс жылында жолборстой кайраттуу, күчтүү, акылдуу, эстүү күйөө балалуу болоюн, көлөкөм".
Ал эми Сайкал Садыбакасова апасына узак өмүр менен кошо балдары, сүйгөн эли менен жакшылыктарда болуусун тилек кылды.
Белгилей кетсек, Гүлшайыр Садыбакасова 1953-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болгон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн.
Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөн соң Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драма театрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамблге “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.
2020-жылы Гүлшайыр Садыбакасованын үй-бүлөсүндө оор жоготуу болуп, баласы Эркин Садыбакасов 18 жашында мезгилсиз дүйнө салган. Уулунун азасын башынан толук бир жыл кечиргенден кийин Эл артисти биринчи жолу маек берип, өксүгү, өкүнүчү тууралуу айткан.
Гүлшайыр Садыбакасова Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияны 21 жылдан бери башкарып келет.