Шаардык кеңештин депутаты Бишкектин мэрине: "Өзүңүздү эл алдында жылдыз сезип алдыңызбы?"

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков Бишкек шаарыны мэри Айбек Жунушалиевге жана мэриянын жетекчилигине нааразычылыгын билдирип, сын айтты.

"Саясат менен алектенбешибиз керек деп айтып кеттиңиз. Башында билесизби, сиз айткансыз мэр деген саясий коомдук кызмат деп. Бирок сиз саясатчы болуп кеткенсиз негизи. Ынтымак конушуна барып техникалык паспортторду берип жатканда 10дой аксакал чогулганда айтып жатасыз "депутаттар добуш алыш үчүн эле келип эч нерсе аткарбайт. Мына мен келдим" деп ошол жерде элдин алдында элди башкаруучу болуп жатасыз да.

Айырмабызды айтып кетейинчи, сиз чогулушка барганда акимдер барып, кыздарды үшүтүп коюп, боорсок менен тосуп алып, катуу суроо бербегиле деп отургандарды даярдашат. Анан ошол жерден өзүңүздү жылдыз сезип алдыңызбы? Элдин башы болгон оңой, бирок элди баштаган оңой эмес. Биз болсо элдин атынан шайланып келгенбиз. Депутат болобуз деп жүргөндө 30 жылдан бери чиновниктер келип алдаган деп элдер бетибизге түкүргөнгө даяр болгон. Ар бир дарбазаны такылдатып, жалдырап жүрүп келгенбиз. Депутаттарды саясатка кийлигишпегиле деп коюп, өзүңүз саясатчы болгонуңуз туура эмес", - деди депутат.

Ошондой эле ал Бишкек шаардык кеңеши мэриянын аппарат жетекчиси Миргазы Исаковду чакырышса, тоготпой келбей койгондугун, андан соң вице-мэр Виктория Мозгачеваны да жыйынга чакырышса, кабинетине отуруп алып сессияга катышпаганын, маанилүү концепция боюнча кайрылышкандарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан