Террордук аракеттерге катышкан чет элдик жаран кармалды

Террордук аракеттерге катышкан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 2021-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында чет мамлекеттин жараны М.Ш. террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелип кармалган.

Кармалган адамдын Стамбулдагы клубдардын резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-12-10 18:13:36
үксөйгөн сакалын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан