Улуттук олимпиада комитетине Садыр Мамытов жетекчи болуп шайланды. Бул тууралуу олимпиада комитетинен билдиришти.
Улуттук олимпиада комитетинин отчёт берүү жана шайлоо өткөрүү боюнча башкы ассамблеясы өтүүдө. Ага УОКтун бардык мүчөлөрү — федерация мүчөлөрү катышууда.
Мамытов 54 добуштун 44үн алды. Калган добуш Болот Мотукеевге берилген.