Бүгүн видеоконференция форматында Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгындагы жолугушууга Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ЕЭЖКтин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, ошондой эле ЕАЭБ алдындагы байкоочу-мамлекеттердин башчылары — Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев, Куба Республикасынын президенти Мигель Бермудес жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө интеграциялык бирикменин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө багытталган Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
ЕЭЖКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Биримдиктин алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды.