Жалал-Абад шаарында "Мээримдүү балаты" акциясы башталды

Жалал-Абад шаарында "Мээримдүү балаты" акциясы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жалал-Абад шаарындагы ЮНЕСКО клубунун демилгеси жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен «Ариет» балдар чыгармачылык борбору Жаңы жылга карата «Мээримдүү балаты» аталышындагы кайрымдуулук акция уюштуруп жатат.

Акциянын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинин кароосунан ажыраган жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 28 балага майрамдык белек тартуулоо болуп саналат.

Аталган акцияга ар бир жаран катыша алышат. Ал үчүн “Ариет” балдар чыгармачылык борборуна 25-декабрга чейин белектерди алып баруу зарыл.

«Мээримдүү балаты» акциясы 25-декабрда “Ариет” балдар чыгармачылык борборунда жыйынтыкталып, белектер балдарга тапшырылат.

Кененирээк маалымат үчүн телефон номер: 0777 39 96 29

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан