Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүндө футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу президенттик мамлекеттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандыктарды жана алдыңкы спортчуларды бул маанилүү дата менен куттуктады. Ал ата мекендик футболчулардын чеберчилигин жана жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, футболду мектептен баштап университеттерге жайылтуу Кыргыз мамлекети дени сак улуту бар күчтүү мамлекетке айландырат деген оюн билдирди. Ал өлкөнүн спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго фрунзелик «Алга» клубунун ардагерлеринин кол тамгалары коюлган эстелик топ, ошондой эле кыргыз футболунун тарыхын архивдик сүрөттөр менен камтыган альбом тапшырылды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жаш футболчулар менен учурашып, сүрөткө түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФИФАнын президенти Жанни Инфантино да видеобайланыш аркылуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-12-10 21:03:04
Советская Южный магистралга стадион курабыз деди ажобуз. Отуз мин орундан кем эмес экен.
-2
Kolyaa
2021-12-10 21:31:02
100 жылда кыргыз футболу резултат көргөздүбү ким билет?
+1
Defans2017
2021-12-10 21:33:20
100 жылда бир жылыш болбоптур, уят,
+1
Defans2017
2021-12-10 21:37:11
100 жылда бир футболду ондой албадык,мамлекетти айтпай эле койойлу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан