Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте ырчы Данияр Эрматов жеке концертин берет

Бишкекте бүгүн, 17-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Данияр Эрматов тушоо кесүү концертин тартуулайт. Студенттердин майрамына карата өтүүчү концерт кыргыз эстрада ырчылары Анжелика, Нурлан Насип, Алтынай Нарбаева, “Кыз-Бурак” тобу, Нурмат Садыров жана казак ырчысы Кайсар Кукишовдун катышуусунда өтөт. Данияр концертинде буга чейин ачылбаган таланттарын элге көрсөтүп, жандуу үн менен ырдай турганын айткан эле. Алгачкы жолу жеке концертин берип жаткан ырчы Данияр Эрматов учурда  "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына талапкер катары көрсөтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aizi85
2013-11-17 19:07:06
Бул ырчы мага жагат. Токто жаным деген ыры аябай жагат мин жолу уксам да тажабайм. Онорун оркундой берсин!!!
+1
Mudur
2013-11-18 00:47:12
Концерт жакшы болду!!! Зачет!)
0
jfj
2013-11-18 03:33:15
эн болду супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан