Кечээ, 10-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "Кыргыз футболуна 100 жыл" аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарада Кыргыз футболдук союзу футбол жаатында жыл ичинде мыкты болгондорду сыйлады. Жыйынтыгында төмөндөгүлөр мыкты деп табылды:
Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу - Алимардон Шүкүров;
Профессионалдык лиганын мыкты оюнчусу - Мирбек Ахматалиев;
Мыкты футзалчы - Шохрух Махмадаминов;
Эң мыкты спорттук уюм - Баткен облусунун футбол ассоциациясы;
Эң мыкты футбол машыктыруучусу - Александр Крестинин;
Футзал боюнча эң мыкты машыктыруучу - Учкунбек Абдыжапар уулу;
Мыкты футболчу айым - Айтурган Аскарова;
Мыкты футбол калысы - Денис Шалаев;
Футзал боюнча эң мыкты калыс - Нурдин Букуев.
Иш-чарада футбол ардагерлерине да эстелик сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары улуттук футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КФСтин экс-президенттерине, экс-вице-президенттерине, экс-башкы катчыларына эстелик белектер тапшырылды.