Борбор калаабызда бүгүн, 17-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Данияр Эрматовдун тушоо кесүү концерти өтөт. Кыргыз эстрада ырчылары жана Казакстандан келген конок Кайсар Кукишовдун катышуусунда өтө турган концерт башталуу алдында турат. Студенттер күнүнө карата өтүүчү концерттин көрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгүн жаштар түзүүдө. Майрамдык маанай менен келген жаштар Спорт сарайынын алдында чогулушууда.