Ангела Меркель пенсияга чыккан алгачкы күнү эле көпчүлүктү таң калтырды

Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель пенсияга чыккандан кийинки алгачкы күнүн супермаркетте соода кылуу менен өткөрдү. Бул тууралуу экс канцлердин эс алуусуна кызыккан булактарга таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ангела Меркель таң эрте саат 08:30 чамасында жол тыгынына карабастан кеңсесине барган. Андан соң супермаркетке барып соода кылган. Экс-канцлерди супермаркетте жан сакчы коштоп жүргөнүн, бирок ал азык-түлүк салуучу арабаны өзү түртүп жүргөнүн жазды басылмалар.

Ал буга чейинки маектеринин биринде кызматын тапшырган соң уктап эс аларын билдирген.

Эске салсак, Ангела Меркель канцлердик кызматын 8-декабрда Олаф Шольцго тапшырып берген. Ал бул кызматты 16 жыл аркалады (2005-2021-жылдары).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2021-12-11 15:28:30
Кандай гана жөнөкөйлүк.
+11
Akjol18
2021-12-12 03:18:18
Жөнөкөйүктөн дагы,таза эмгек кылган үчүн эл аралап коркпой жүрөт да.Биздикилер 4 адам чогулган жерге чочулап бара алышпай жүрүшөт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан