Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.
"Облус жетекчисинин Дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагы максаты - Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем-күч берүү болуп саналат", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында алгач Баткен облусунун башчысы Абдыкерим Алимбаев менен бүгүн, 11-декабрда жолугушту.
Жолугушууда облус башчысы Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргыз өлкөсүн бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.
Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына, жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо-тилектери үчүн ыраазычылыгын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө арналарын айткан.