"Жол кире алган айдоочуларга чара көрүлөт". Жалал-Абадда мектеп окуучуларына жеңилдетилген жүргүнчү билеттер тапшырылды

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларына жеңилдетилген жүргүнчү билеттери тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары мындан ары жүргүнчү билетин көрсөтүп, кичи автобустар үчүн 5 сом, муниципалдык автобустар үчүн 10 сом гана жол акы төлөшөт. Ал эми 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар үчүн муниципалдык автобустар менен бекер жүрө алышат.

Окуучу жүргүнчү билетин көрсөткөнүнө карабастан 15 сом жол акы алган айдоочуларга чара көрүлөрү кабарланды.

Буга чейин аталган шаарда мектеп окуучулары менен айдоочулардын ортосунда кайчы пикир орун алып, ата-энелердин нааразычылыгын жаратканы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 6 миң 308 окуучу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kulubaev91
2021-12-11 19:03:57
Бишкеке дагы ушул сунушту киргизип бериниздерчи
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан