Баткендин Арка айылынын тургунунун унаасынан 7 килограмм баңги заты табылды (фото)

Баткен облусунун Арка айылынын тургунунун унаасынан 7 килограмм баңги заты табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

"9-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну К.К. аттуу жаранга тиешелүү Opel үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган жеринен болжол менен 7 килограмм салмактагы баңги заты табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңги заты гашиш (кара куурай) экени аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан