Бишкекте аялына бычак менен кол салуу окуясы №1 шаардык клиникалык ооруканада болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери 8-декабрь күнү саат 08:00дө окуя болгон жерге барышып, шектүү кызганычтан улам бычак алып, аялынын санына бир нече жолу бычак сайганын, андан соң аял ооруканага жаткырылганын аныкташкан.
Бул боюнча экспертиза дайындалып, "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Шектүү тергөө үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген, бирок кийинчерээк иштин чоо-жайы такталгыча ал коё берилген. Жабырлануучу 9-декабрда милицияга арыз жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Бирок эртеси күнү жабырлануучудан күйөөсүнө коюлган дооматтардан баш тартуу боюнча каршы арыз түшкөн", - деп билдиришти Ленин РИИБден.
Кечээ, 10-декабрда Бишкектеги ооруканада иштеген аял күйөөсү тарабынан бычакталганын SUPER.KG порталына жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирген. Ал эми жабыркаган жаран милицияга бул окуяга байланыштуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматка эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.