Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Асемай Полотованы табууга көмөктөшүүнү суранат.
Ал 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы, көзү кара, чачы кара түстө.
Кийимдери: кара түстөгү күрмө, ак түстөгү көйнөк, кара галстук, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Асемай Полотованы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.