Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы өзүнүн 14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен 1982-жылы туулган жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринде 2007-жылы туулган кыз акыркы күндөрү психологиялык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан.
Бирок милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында, кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык оор абалда жүргөндүгүн титиреп, ыйлап айтып берген. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери токтоосуз Ош ШИИБинин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү милицияга алып келинген.
"Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны атасы (өз атасы, өгөй эмес) 2019-жылдын июнь айынан баштап, 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктап жүргөн. Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Орусияда болгон. Бирок апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда, үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздардын айтуусунда, алар үй-бүлөсүнүн ажырашып кетүүсүнөн коркуп, милицияга кабарлашкан эмес", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Кечээ, 10-декабрда жабырлануучу кыздын 1982-жылы туулган атасы жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.