Бишкек шаарында хоккей боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу баш калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ыллайык, мелдеш биринчи жолу үч жаш категориясы боюнча өтүп жатат жана анда Латвиянын, Орусиянын командалары, Өзбекстандын “Бинокор”, Казакстандын “Кайсар”, “Торнадо” жана “Аюу” командалары, Бишкектин “Алга”, Нарындын “Локомотив”, “Нарын шумкарлары” командалары катышууда.
"Эл аралык спорттук иш-чара өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт", - деп билдиришти мэриядан.