Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудов экинчи ирет видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Власов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Баарыңыздарга салам! Жаңы эле Акжол Махмудов менен сүйлөштүм. Жакын арада беттештин күнүн аныктайбыз. Бул тууралуу биз эртең Москва убактысы боюнча саат 18:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00) толук маалыматты түз эфирде айтып беребиз", - деп жазды Власов.
Сентябрь айында Роман Власов Акжол Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниети бар экенин билдирген. Кийинчерээк Власов Акжол Махмудов менен боло турган күрөштү эртелетүү керектигин белгилеген.