"Тогуз жылда жетчү кызматка китеп окуу менен эки жарым жылда жетип...". Бишкекте "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун кезектеги иш-чарасы өттү

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата долбоордун таанытуу презентациясы болуп өттү.

Аталган иш-чаранын максаты окуучулардын, студенттердин арасында китеп окууну жайылтуу жана долбоорду таанытууга багытталган. Иш-чарага долбоордун негиздөөчүлөрү, ыктыярчылары жана студенттер катышты.

"Азыркы учурда студенттер жана окуучулар эс алууга айылдарына кетишет. Мына ошонун алдында алардын бул долбоорду жайылтуу жана китепкана ачуусуна багыт берели деп бүгүнкү иш-чараны уюштурдук. Ошондой эле долбоорго активдүү катышкан жана өз айылдарына китепкана ачууга жетишкен студенттерди чогулттук. Долбоорду коңшу өлкөлөргө да жайылтсак деген оюбуз бар", - дейт аталган долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков.

"Бир адамдан бир китеп" долбоору жеке эле айыл, мектептерге эмес, аскердик бөлүктөргө да жетип, китепканалар ачылган.

Улуттук гвардиянын 10 жана 127 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, капитан Идирис Өмүрзаков:

"Аскерлер жеке эле физикалык жактан эмес, руханий жактан да өнүгүшү керек. Аскердик бөлүктөргө китепкана ачылгандан бери аскерлерде өзгөрүү байкалды. Мурункудай уруш-талаштар орун албай, алардын бири-бирине болгон сый мамилелери жаралды. Аура позитивге өзгөрүлдү.

Аларда гана эмес, менде дагы китеп окуунун натыйжасында бир топ ийгиликтер болду. Мисалга алсак, тогуз жылда жетчү кызматка китеп окуу менен эки жарым жыл аралыгында жеттим", - деп билдирди.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, "Бир адамдан бир китеп" долбоору 2019-жылдын 5-январында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында ишке ашкан. Андан соң долбоор жети дубанга: айылдык китепканаларга, мектептерге, аскердик бөлүктөргө, балдар жана карылар үйлөрүнө, ооруканаларга, жогорку окуу жайларга жана студенттик жатаканаларга өз кулачын жайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан