Жумгалдагы жол тосуу: Учурда эмне болуп жатат? (видео)

Бүгүн, 12-декабрда Жумгал районунун Дыйкан айылынын эли адам өлүмү менен коштолгон жүк ташуучу унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынан улам жол тоскондугу кабарланган.

SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири окуя орун алып жаткан жерден видео жөнөттү.

"10-декабрда Subaru Forester унаасы чаңдан жолду көрбөй жүк ташуучу унаанын чиркегичин сүзүп, унаадагы 5 адамдын 3өө каза болгон. Алардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Мындан улам Дыйкан айылынын эли жол тазаланган соң жүк ташуучу унаалар жүрсүн деген талап менен жолду тосту. Чындыгында жолдун чаңынан эч нерсе көрүнбөй калат", - деди жергиликтүү тургун.

Мындан тышкары айыл тургуну редакциябызга жол тосулгандагы видеону жөнөттү. Анда элдин топтошуп турганын көрүүгө болот.

Дыйкан айылынын эли жол тосту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maku1
2021-12-13 00:51:06
Туура айтышат. Чындыгында эле чаңдан эч нерсе көрүнбөйт. Кырсык болгондо гана ойлонуш керекпи?
0
Fernando_Torres
2021-12-13 01:17:10
Чаң анан суу анан шамал деп бөлүнбөйт жол тосуу деген нерсе жок ИСИЛАМДА Аллах колдобойт жол ачык болуш керек жол тосуу бейиштин эшигин тосконго барабар анын себептери ошол адамдардын меенетинен көз каранды жол чаң болбош үчүн бак тигуу керек жолду шшыпырып туруу керек жана ошол оор жүк ташыган унаалар үчүн атайы жол куруу керек анын үчүн иштөө керек жалкоо эл жалкоо болуп атса жолду тазалап койбойт анан кайдагы жолду куралмак эле динге бекем болбогон соң ошол адамдар кандай жашасанар өзүңөр э
-1
zhaynak
2021-12-13 09:39:19
Fernando_Torres, сен туура эмес айттын. Менин кочомон бироо чанытып машина айдап бараткан жеринен токтоттум. Токтотсом эшигин ачпайт, эмне болду десем, чан кетсин дейт акмак. Сенин машинене кирген чан элдин оозу мурдуна, уйуно кирип жатат дедим. Жеткен акмактык чанытып айдаган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан