"Тазалыктын" каза болгон кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөт. Бишкек мэриясынан 50 миң сом берилет

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерден каза болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом жардам берилет. Андан тышкары Эмгек кодексине ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрүн калаа башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бишкек мэриясынын жетекчилиги жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери каза болгон жарандын жакындарына көңүл айтат. Мэриянын фондунан маркумдун үй-бүлөсүнө 50 сом берилет, ошондой эле Эмгек кодекси боюнча компенсация төлөнөт. Анткени ал кызматтык милдеттерин аткарып жатканда каза болду. Биздин кызматкерлерибиз таң эрте жумушка чыгышат, алар жарык берүүчү атайын форма кийгенине карабай кайгылуу окуялар болот", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, окуя Бишкекте 12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Кылмышка шектелип Mazda унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалганын милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-12-13 09:42:10
Ушунусуна да шугур, бирок аз толонуптур. Тазалык ишканасынан миллиондор уурдалат, миллиондор сарпталат. Оюмча 300000ден жогору берилиши керек. Мерия жыгылып калбайт.
+2
Mastura90
2021-12-13 11:25:32
2- жолу 50 миң сомду 50 сом деп жазыпсынар
+1
Shbdn
2021-12-13 23:15:07
Жыргаган Адам кочо шыпырбайтта элу мин эмне болот азыр баары кымбатчылык бешжуз мин толосонорда аздык кылат.туугандарына сабыр берсин сиздерге мэрия эмес Аллам берсин баардык нерсени.бейиштен жай берсин откон маркумга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан