Бүгүн, 13-декабрда белгилүү орусиялык жана казакстандык ырчы, композитор Мурат Насыров көзү тирүү болгондо 52 жашка чыкмак. Ал "Я - это ты", "Кто то простит" ырлары менен популярдуулукка жеткен.
Ырчы 1969-жылы 13-декабрда Казакстандын Алматы шаарында уйгурлардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Музыкага болгон кызыгуусу 7 жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Музыкадан тышкары математика, физика сабактарын кызыгуу менен окуганы белгилүү. Мектепти аяктагандан кийин аскерге чакырылып, аскерлердин музыкалык тобуна алынат. Кызматын өтөгөндөн кийин Мурат чыгармачылыкка жан дили менен берилип, "Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам" деген ойго арбалат. Буга ата-энеси каршы чыгат, бирок өзүн сахна адамы катары элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан 1989-жылы Москвага сапар алган.
Ал аскерде бирге кызмат өтөгөн досу менен "Новый порт" деген рок-тобун түзүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Музыкалык билим керектигин ойлоп, Мурат музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган ырчы "Ялта-91" сынагына катышып, баш байгени утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал "А-Студио" тобу менен таанышып, ал топ Мурат Насыровго жардам көрсөтөт.
13-декабрдын жылнаамасы.