
Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө 12-декабрда саат 18:22де орун алды.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок дешет министрликтен.