Бишкектин Арча-Бешик конушунда турак үйлөрдүн биринде 82 жаштагы аял кулап, ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-декабрда 1939-жылы туулган аял киши үйдүн ичинде кулап түшкөн. Куткаруучулар бекилип калган эшигин ачып, аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Жерине 5 куткаруучу тартылган дешти министрликтен.