UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 12-декабрда Ош шаарына барган. Ош шаардык мэриясы мушкер айым ошол эле күнү күйөрмандары менен жолукканын билдирди.
"12-декабрда Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушту. Иш-чаранын алкагында Шевченко күйөрмандардын бардык суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белектер тапшырылды. Иш-чаранын жыйынтыгында күйөрмандар менен фотосессия болуп, бардыгы Валентина Шевченкодон кол тамга ала алышты", - деп билдирди Ош шаардык мэриясы.
Валентина Шевченко Ошто эки күн болот. Бүгүн, 13-декабрда ал шаардагы мектеп-интернаттардын бирине барып, шаардын мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуу өткөрөт.
Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген.