Зордуктоо фактысы менен өмүр бою эркинен ажыратылып, Оштогу №5 тергөө абагында камалган 21 жаштагы А.А өзүнүн ак экенин айтууда. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын-алуу борбору билдирди.
"Кыйноолорду алдын-алуу борборунун өкүлдөрү аталган абакка барганда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну менен баарлашты. Анда камактагы адам бул кылмышты жасабагандыгын билдирди. Анын айтымында, ал кыйноого кабылып, 10 жаштагы кызды зордуктабаса да, күнөөнү моюнуна алууга аргасыз болгон", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Анын айтымында, аны сурак маалында кыйнап, аялдардын ич кийимин кийгизишип, эгер күнөөнү моюнуна албаса аны ачыкка чыгарабыз деп коркутушкан жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалашкан.