Тажикстандын белгилүү ырчысы Парвизи Азиз концерттин сыйлуу коногу болду

Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 17-ноябрда ырчы Данияр Эрматовдун жеке  концерти өтүп жатат. Ырчыны куттуктап Нурмат Садыров, Нурлан Насип жана башка кыргыз эстрадасынын жылдыздары ыр белек тартуулашты. Мындан сырткары Тажикстандын белгилүү ырчысы Парвизи Азиз концерттин сыйлуу коногу болду. Ал студенттерди майрамы менен куттуктап, көрүүчүлөр берген гүлдү Нурзат Токтосуновага бергенге жетишти. Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам деген ырчы, кыргыз жеринде клип тартуу менен алектенип жатканын кошумчалады. Алып баруучулукту аркалап жаткан Нурлан Насип тажик ырчысы Парвизи Азиздин чач жасалгасы өзгөчөлүгү жакканын баса белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doni89
2013-11-18 06:17:19
Келип конок катары ырдаса эмне силерге тийиш кылдыбы?
0
Beka_89_kg
2013-11-18 08:16:40
)))))))))) басышып кетипсинерго
0
admin_superstan
2013-11-18 11:57:01
bishkek.kg, bosmos7, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар.
bosmos7, башкалардын улутун кемсинтүүгө болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан