"Акыркы көч" тасмасы Москвадагы эл аралык фестивалга катышат
Кыргыз режиссёрлору тарткан "Акыркы көч" көркөм фильми эл аралык фестивалдын конкурстук программасына кирди. 17-21-декабрь аралыгында Москвада өтө турган шериктештик өлкөлөрдүн үчүнчү эл аралык "Москва премьерасы" фестивалы орун алат.
Улуттук "Кыргызфильмден" кабарлашкандай, фестивалдын конкурстук программасында кыска жана толук метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Анда Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Эстония жана Кыргыз өлкөсүнүн режиссёрлорунун эмгектерине баа берилет.
Аталган фестиваль 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган, ошону менен катар Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон.