Жумгалдагы жол тосуу: Жолго мындан ары суу себилип турат. ИИМ абал туруктуу экенин айтты

Жумгал районунда жол тоскон элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

"12-декабрда жол тоскондорду Жумгал РИИБинин башчысы У.Коноев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси М.Тентиев угушуп нааразы болгон элге түшүндүү иштерин жүргүзүшкөн. Алар "Баш Кууганды-Эпкин автожолунда тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлсүн, жолго тынымсыз суу сээп турушсун, жол жакшылап каралсын” деген негизги талаптарды коюшкан.

Элге жолугушууга келген “Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна" кирген Баш Кууганды-Эпкин автожолун оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жаткан ишкана жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп турууну, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксуз колго алыша тургандыгын билдирди. Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы алды. Ошондон кийин жергиликтүү жарандар тарап кетишкен", - деп билдиришти ИИМден.

Учурда жергиликтүү тургундар менен Жумгал районундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлүп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган аймакта эч кандай мыйзам, тартип бузуу фактылары катталган жок, саясий кырдаал туруктуу.

Кечээ, 12-декабрда Жумгал районунун Дыйкан айылынын эли адам өлүмү менен коштолгон жүк ташуучу унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынан улам жол тоскондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-12-13 14:43:23
Созсуз бироо олгондон кийин анан жолго суу себиш керек беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан