Бишкекте 2 күндүк рейдде 54 мас айдоочу кармалды

Бишкекте 2 күндүк рейдде 54 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Рейддик иш-чара 10-11-декабрга чейин эки күн ичинде 1766 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

- Мас абалында унаа башкаруу - 54 айдоочу;

- Авто унааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 8 айдоочу;

- Жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар - 23 айдоочу;

- Керектүү документтери жок авто башкаруу - 32;

- Башка жол эрежесин бузуулар 1649.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 89 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Ошондой эле рейд учурунда “102” кызматы аркылуу кайгуул кызматкерлери тарабынан 396 чакыруулар тейленип, 138 жаран жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан