Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан баасы 17 миллион 568 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 гектар жер участогу менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде Ж.Ш. акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 17 миллион 568 000 сомду түзгөн бала бакчанын имараты 0,42 гектар жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.