Данияр Эрматов жеке концертинде комузда обон созду
Ырчы Данияр Эрматов комузда кол ойнотуп, обон созууда
"Чоро" тобунун солисти гитара чертип, ырчы Данияр Эрматов "Издейм сени" аттуу ырын аткарууда
Бишкекте
Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 17-ноябрда ырчы Данияр Эрматовдун жеке
концерти өтүп жатат. Ырчы тушоо кесүү концертинде комузда обон созуп, көп кырдуу таланттын ээси экенин көрсөттү. "Комузда жакшы кол ойнотпосом да, буга чейин концертимде комузда ырдайм деген элем" деп "Карай берем" жана "Өрүкзарга кетели" аттуу ырларын элге тартуулады. Мындан сырткары гитаранын коштоосунда "Издейм сени", "Токто жаным" аттуу ырларын аткарды.