Бишкекте өрткө каршы куткаруучу каза болду. Ал 38 жашта болгон


Бишкекте №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн улук офицер капитаны Айбек Артыкбаев 38 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды. Бул туурасында бүгүн, 13-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Айбек Артыкбаев 1983-жылы 22-апрель күнү Талас шаарында жарык дүйнөгө келген.
Билими жогорку, 2015-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.
Эмгек жолун 2009-жылы Өрткө каршы мамлекеттик Бишкек шаардык башкармалыгынын №7 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүсү болуп баштаган;
- 2014-2015-жылдары Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Октябрь райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №7 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн команда башчысы;
- 2015-2017-жылдары Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №2 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүктүн кароол башчысы;
- 2017-2021-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү кароол башчысы;
2021-жылдын башынан бери азыркы убакытка чейин министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө улук офицер болуп кызмат өтөп келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан